Ноокатта 21 жаштагы келин асынып каза болду

 Ноокатта 21 жаштагы келин асынып каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы келин асынып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга 20-февраль күнү Көк-Бел айыл аймагынын 2005-жылы туулган А.А. аттуу тургуну өзүнүн үйүндөгү мал сарайда асынып каза болгону жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын кабарлады.

Связанный пост