Жиддадан Бишкекке 90 кыргызстандык учуп келди

Бүгүн Жиддадан Бишкекке 90 кыргызстандык учуп келди.

Учак “Манас” эл аралык аэропортуна конду.

Ушул эле сааттарда Жидда – Ош багыты боюнча 120 кыргызстандык өлкөгө жеткирилди.

Эртең Омандан дагы 360 жаран келери айтылды.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлиги жарандарды Мекенге кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки атайын авиакаттам аткарыларын билдирген.

Кыргызстандын жарандарын коопсуз кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.

Связанный пост