Сауд Аравиядан Ошко 120 жаран кайтып келди

 Сауд Аравиядан Ошко 120 жаран кайтып келди

Сауд Аравиянын Жидда шаарынан бүгүн ”Ош“ эл аралык аэропортуна 120 жаран, ал эми ”Манас“ эл аралык аэропортуна 90 жаран учуп келди.

Ошондой эле эртең, 5-мартта Омандан дагы 360 кыргызстандыктын келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарандарды Мекенге кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда.

Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча атайын авиакаттамдар ТИМдин демилгеси менен уюштурулган.

Связанный пост