Акыркы он жылда Кыргызстанда 75 миң жол кырсыгы катталган
Акыркы он жылдын ичинде Кыргызстанда 75 миң жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, аталган мезгил ичинде жол кырсыктарынын кесепетинен 9 120 адам каза болуп, дагы 13 260 адам ар кандай жаракаттарды алган. Ошону менен бирге, жабыркагандардын жарымына жакыны майып болуп калган. Бул мамлекет үчүн кошумча социалдык милдеттенмелерди, анын ичинде жөлөк пулдарды төлөө зарылчылыгын жаратат.
Президент келтирилген сандар жол коопсуздугу көйгөйүнүн олуттуу экенин жана системалуу чараларды көрүү зарылдыгын далилдей турганын баса белгиледи.