Кыргызстанда калктын саны дээрлик 7,4 млн адамга жетти

 Кыргызстанда калктын саны дээрлик 7,4 млн адамга жетти

2025-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 7 млн 395 миң адамга жетти. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин материалында айтылат.

2025-жылдын январь-ноябрь айларында республиканын калкы 112,8 миң адамга, же 1,5 пайызга көбөйдү. Өсүш негизинен калктын табигый өсүшүнүн эсебинен камсыз болду.

“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 127,8 миң ымыркай катталган. Ошол эле мезгилде 29,3 миң өлүм катталган.

Натыйжада калктын табигый өсүшү 98,5 миң адамды, же калктын ар бир 1000 адамына 19ду түздү (2024-жылдын январь-ноябрь айларында — 19,9).

Өткөн жылы табигый өсүштүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталып, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында байкалган.

Связанный пост