Президент: Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү жасалмалоо мүмкүн эмес

 Президент: Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү жасалмалоо мүмкүн эмес

2025-жылга чейин эски айдоочулук күбөлүктүн 4 түрү чыккан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эл менен жолугуу үчүн Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барган учурда айтты.

Анын айтымында, аларды каалаган жерде жасап алса болот.

“Мөөнөтү бүтө элек ID-карта жана жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү коңшу өлкөлөрдүн жарандары Россия, Казакстан жана башка чет өлкөлөрдө азыр дагы колдонуп жүрүшөт. Муну кантип жок кылабыз? Жок кыла албайбыз да. Мөөнөтү бүтө элек болсо дагы 10 жыл жүрөт. Ошондуктан биз азыр эң акыркы үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү чыгардык. Дүйнө жүзүндө ондукка кирет десек болот. Муну жасалмалаганга мүмкүн эмес, бизде гана чыгат”, – деди өлкө башчысы.

Связанный пост