JICA Кыргызстандагы гранттык долбоорлорду улантат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгы түзүлгөндөн бери JICA агенттигинин жардамы менен ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сүйлөшүлүп, анын алкагында өлкө калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга салым кошкон бир катар узак мөөнөттүү демилгелер ишке ашырылганы айтылды.
Ийгиликтүү жана узак мөөнөттүү кызматташуунун жаркын мисалы катары – “Бир айыл – бир продукт” долбоору, Япония өкмөтүнүн стипендия программасы (JDS) белгиленди.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Япониянын ортосунда транспорт, саламаттык сактоо, энергетика жана адам ресурстарын өнүктүрүү тармагында гранттык жана техникалык жардам көрсөтүү бюнча кол коюлган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү сүйлөшүлдү.
Белгилей кетсек, JICA агенттигинин жардамы менен жалпы 43 долбоор ишке ашырылган. Быйыл JICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстанда ачылгандыгынын 25 жылдыгы белгиленет.