Таксиге лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды
Ички иштер министрлиги такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Эске салсак, 2025-жылдын 12-сентябрынан тартып жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо башталган.
Кийинчерээк, 2025-жылдын 3-декабрында министрлер кабинетинин токтому менен лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылган.
Учурда өлкө аймактарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө лицензия берүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 8 миңге жакын жаран жана 300дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан.
Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен, ИИМ такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартты.
Азыркы тапта таксиге лицензия берүү өлкө боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.