Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 24,4 пайызга өстү

 Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 24,4 пайызга өстү

2025-жылдын IV чейрегинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмүнүн өсүшү, ошондой эле коммерциялык банктардын кассалары аркылуу накталай каражаттардын түшүүсүнүн жана берилишинин көбөйүшү катталды.

Улуттук банктан билдиришкендей, 2026-жылдын 1-январына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 300 млрд 778,3 млн сомду түздү. Анын ичинен 36 млрд 166,7 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 264 млрд 611,6 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда турган. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 51 млрд 822,1 млн сомго, же 24,4 пайызга көбөйгөн.

2025-жылдын IV чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 1 трлн 680 млрд 175,6 млн сом келип түшкөн, бул көрсөткүч 2024-жылдын IV чейрегине салыштырганда 264 млрд 920,6 млн сомго же 18,7 пайызга көп.

Коммерциялык банктар мекемелеринин кассаларына нак акчанын келип түшүүсүнүн өзгөрүүсү, төмөндө келтириген 1-графикте чагылдырылган:

1

Коммерциялык банктардын кассаларынан 2025-жылдын IV – чейрегинде 1 692 591,4 млн сом берилген, бул 2024-жылдын IV – чейрегиндегиге салыштырганда 271 568,5 млн сомго же 19,1 пайызга көп.

Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаларды берүүдөгү өзгөрүүлөр, төмөндө келтирилген 2-графикте чагылдырылган:

2

Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2025-жылдын IV -чейрегинде 99,3 пайызды түзгөн (2024 жылдын IV – чейрегине салыштырганда 0,3 пайызга азайган).

Коммерциялык банктардын кассаларына 2025-жылдын IV-чейреги ичинде акча кайтарымдуулугунун областтар боюнча өзгөрүүсү, төмөндө келтирилген 1-таблицада чагылдырылган.

33

Связанный пост