Индиядан мал жана эт азыктарын алып келүүгө тыюу салынды

 Индиядан мал жана эт азыктарын алып келүүгө тыюу салынды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 28-январдан тартып Индиядан Нипах вирусуна сезимтал жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияны алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул чаралар Нипах вирусунун катталышына байланыштуу жана өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Нипах вирусу кооптуу зооноздук инфекция болуп эсептелет жана ал жаныбарлардан адамга жугушу мүмкүн. Кызмат жарандарга келип чыгышы белгисиз жаныбарлардан алынган продукцияларды сатып алуудан алыс болууну жана ветеринардык коштоочу документтердин бар-жогуна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт.

“Кырдаал Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын туруктуу көзөмөлүндө турат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост