Бишкекте эки бала сууга чөгүп кетти

Бишкекте эки бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн ИИМден Бакай-Ата конушунун Кыргыл-Чал көчөсүндө жайгашкан каналга жаш балдар түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине 6 куткаруучу тартылып, 2016-жылы туулган кыз жана 2019-жылы туулган баланын сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Связанный пост