Декларациядагы жалган маалыматтар: Сот 2882 кызмат адамына айып салды

 Декларациядагы жалган маалыматтар: Сот 2882 кызмат адамына айып салды

Декларациядагы жалган маалыматтар үчүн сот 2882 кызмат адамына айып салды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокуратура органдары 2025-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тапшыруусун текшерүүгө алды. Анын жыйынтыгында декларацияны тапшырбаган, мөөнөтүн кечиктирген же ката маалымат берген жалпы 3 472 кызматкер аныкталды.

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен 2882 кызмат адамына жалпы 13 млн 674 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Учурда калган кызматкерлерге карата материалдар сот тарабынан кароо стадиясында турат.

Связанный пост