2030-жылга карата Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 130 млрд сомго жетет
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдагы иштин жыйынтыгына жана 2026-жылга карата артыкчылыктуу милдеттерге арналган коллегиялык жыйыны болуп өттү.
Жыйынга саламаттык сактоо министри Каныбек Досманбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары саламаттык сактоо тутумунун натыйжалуулугу бейтаптар үчүн реалдуу өзгөрүүлөр менен бааланарын баса белгиледи.
«Бизди отчеттор жана пландар боюнча эмес, элибиз, бейтаптарыбыз эмнени сезип жатканы боюнча баалашат: дары барбы, дарыгер жеткиликтүүбү жана жабдуулар иштеп жатабы», – деди Эдил Байсалов. 2025-жылы «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» мамлекеттик программасын, ошондой эле 2030-Күн тартибинин жана Туруктуу өнүгүү максатынын 3-максатынын алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу улантылганы белгиленди.
Эгерде тармакты каржылоо көбөйтүлүп, 2025-жылы 52,4 млрд сомго жетсе, анда болжолдоолор боюнча 2030-жылга карата Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 130 млрд сомдон кем эмес болот. Жылдын негизги жетишкендиктеринин арасында – медициналык мекемелерди куруу жана капиталдык оңдоо, инфраструктураны жаңылоо, медициналык жабдууларды сатып алуу, санариптик сервистерди өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Бишкек шаарында медициналык шаарчанын стратегиялык долбоорун ишке ашыруу.
Коллегиянын жүрүшүндө 2026-жылы күчөтүүнү талап кылган багыттар белгиленди, анын ичинде эне жана баланын саламаттыгы, стационарлардын ишинин натыйжалуулугу, медициналык жабдууларды эсепке алуу жана пайдалануу, ошондой эле дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыздоо.
«Дары-дармек каражаттары менен камсыздоодогу үзгүлтүктөр – бул башкаруудагы кемчилик. 2026-жылы жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына, өзгөчө жашоо үчүн маанилүү позициялар боюнча нөлдүк чыдамкайлык болушу керек», – деп баса белгиледи Эдил Байсалов.
Жыйындын жыйынтыгында калкка медициналык жардамдын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле аткаруучулук тартипти жана жетекчилердин жеке жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган 2026-жылга карата артыкчылыктар аныкталды.