Касымалиев: 2020-жылдан бери Кыргызстандын бюджети 5 эсеге жакын өстү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты.
МинКаб башчысы Финансы министрлиги 2025-жылды арбын жетишкендиктер менен жыйынтыктап жатканына токтолуп, акыркы жылдары мамлекетте олуттуу экономикалык өсүштөр жана финансылык туруктуулук камсыздалып жатканын белгиледи.
“2020-жылдан бери салыштырсак, Кыргызстандын бюджети 5 эсеге жакын өстү. Консолидацияланган бюджет: 2020-жылы ~247,8 млрд сом болсо, 2025-жылы ~1 трлн 101 млрд сомго жетти”-деген МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев өлкөнүн бюджетинин өсүшүнө бир катар факторлорду санап өттү.
Алсак:
- Экономиканын өсүшү: ИДПнын жалпы көлөмү 2020-жылы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылы 22,6 млрд доллардан ашты.
- Салыктык башкаруулар жакшырышы: Салык кызматынын кирешеси 2020-жылы – 78 млрд сом болсо, 2025-жылы – 304,3 млрд сом болду.
- Бажы кирешелери 6 эсе өстү: 2020-жылы бюджетке ≈ 28,9 млрд сом жыйнаса, 2025-жылы ≈ 157,4 млрд сом чогултултту.
- Салыктык эмес кирешелер 8-9 эсе көбөйдү: 2020-жылы – ≈ 33 млрд сом түшкөн болсо, 2025-жылы – ≈ 189,4 млрд сом болду.
- Экономикалык активдүүлүк өстү: Кызмат көрсөтүүнүн көлөмү ИДПда 1 трлн сомдон ашты, өсүү 10,9%ды түздү.
- Кумтөрдөн бюджетке түшкөн төлөмдөр өстү. 2021–2025 мезгилинде Кумтөр мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийин: Жалпы киреше ≈ 5 млрд 115 млн долл (~400 млрд сомдон көп) өндүрүштөн топтолду. Бюджетке салык жана башка төлөмдөр боюнча ≈ 1 млрд 176 млн долл (~100,6 млрд сом) түштү. Дивиденд катары дагы ≈441 млн долл (~38,2 млрд сом) чогулду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев киреше көбөйгөн сайын чыгашалар да өскөнүн айтып, каражат болгону үчүн ири курулуштар жүрүп, жолдор салынып, ипотекалык үйлөр курулуп жатканын белгиледи.
“Биздин бюджет мурда социалдык бюджет болсо, эми өнүктүрүү бюджетине айланды”-деди МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев.
Коллегиянын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Финансы министрлигине, 2026-жылга карата Президент тарабынан коюлган негизги милдеттердин бири – социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу ошондой эле мамлекеттик сатып алууларда бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча бир катар тапшырмаларды койду.