Монополияга каршы кызматта мыйзамсыз сый акы берилгени аныкталды
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2020-2024-жылдардагы бюджетинин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Аудиттин жыйынтыгында Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун каражаттары техникалык базаны жаңылоонун ордуна, негизинен кызматкерлерге сый акы катары жумшалган. 2023-жылы бул жаатка багытталган каражаттын 1,33 пайызы, ал эми 2024-жылы 1 пайызга жетпеген бөлүгү бөлүнүп, айрым кызматкерлер бир айда бир нече жолу сый акы алышкан учурлар аныкталды.
Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана ички контролду камсыз кылуу талаптарынын бузулушу да аныкталды. 1,5 млн сом суммасындагы негизги каражаттарды эсептен чыгарууда документтерди тариздөө тартиби бузулуп, техникалык экспертиза, утилдештирүү жана сатуу боюнча тастыктоочу актылар жок болгон.
Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалды сатып алууда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын айрым талаптары бузулган.
Ошондой эле аймактарда имараттарды ижарага алуу үчүн бюджеттик каражаттын 1,7 млн сому натыйжасыз пайдаланылган. Мында мамлекеттик жайларды акысыз негизде алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.
Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыгы менен мыйзам бузууларды жоюу, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана каржылык тартипти чыңдоо боюнча сунуштарды берди.