Президенттин тапшырмасы боюнча кыш бүткөнчө Анар-Бак конушундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулбайт
Кыш бүткөнчө Бишкек шаарынын Анар-Бак жаңы конушундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулбайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, аталган конуштагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча чечим кабыл алынган. Ушуга байланыштуу интернет булактарында “кыш чилдеде, адамдар жашап жаткан үйлөр да бузулат экен” деген нааразычылык билдирген видеолор жана маалыматтар тарап жатат.
“Бул видеолор жана маалыматтар президент Садыр Жапаровго жеткен. Президент бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, кыш мезгили бүткөнгө чейин адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузбоо боюнча тапшырма берди”, – деди Дайырбек Орунбеков.
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев расмий билдирүү жасап, төмөнкүлөрдү маалымдады.
“Адамдар жашап жаткан үйлөр бузулбайт. Мыйзамсыз куюлган фундаменттер, дубалы тургузулуп, бирок толук бүтө элек курулуштар, киши жашабаган имараттар гана алынат жана тазаланат. Демек, адамдарды көчөгө чыгарып, жашап жаткан үйлөрүн бузат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт”, – деген мэр.
Белгилей кетсек, жергиликтүү ЖМКлардын бири аталган жаңы конуштагы үйлөрдү бузууга атайын техникалар келип, тургундар каршылык билдирип жатышканын жазган.