Былтыр Кыргызстанга 20 миллиондон ашык чет өлкөлүктөр кирди

 Былтыр Кыргызстанга 20 миллиондон ашык чет өлкөлүктөр кирди

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандардын саны олуттуу өскөнү катталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы чет элдик жарандардын кирүү агымы 2024-жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга, ал эми 2023-жылга салыштырмалуу 20 пайызга көбөйгөн.

Өлкөгө кирген чет өлкөлүк жарандардын саны:

  • 2023-жыл — 17 млн 480 миң 97 адам;
  • 2024-жыл — 17 млн 682 миң 929 адам (1,2 пайыз өсүү);
  • 2025-жыл — 20 млн 978 миң 965 адам.

2025-жылы кирүү агымынын кескин өсүшү туристтик инфраструктуранын өнүгүшү, эл аралык маршруттардын кеңейиши, өлкөнүн жаратылыш жана маданий потенциалынын активдүү илгерилетилиши, ошондой эле ишкердик жана инвестициялык байланыштардын өсүшү менен шартталды.

Жалпысынан 2025-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 37 млн 50 миң 223 адам өттү, алардын ичинен:

  • 18 574 022 адам өлкөгө кирди;
  • 18 476 201 адам өлкөдөн чыккан.

Ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу 3 млн 260 миң 642 транспорт каражаты өткөрүлдү, ошону менен бирге 1 млн 690 миң 357си өлкөгө кирген.

Связанный пост