Ошто чет элдиктерди “калкалаган” милиция кызматкери кармалды

Ошто чет элдиктерди “калкалоого” шектүү милиция кызматкери У.О.Ш. кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет элдик жарандарга системалуу түрдө кысым көрсөтүп, коркутуп келгени аныкталган.

Ал чет элдиктердин жумушка уруксаты жок экенин билип туруп, алардан “калкалоо үчүн” деп ай сайын 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча алып турган. Эгер чет элдик жарандар акчаны берүүдөн баш тартышса, айып пул салып, депортация кылам деп коркутуп жүргөн.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча У.О.Ш. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгиленгендей, учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн, ошондой эле бөлөк фактыларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары уланууда.

Связанный пост