Адылбек Касымалиев Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) делегациясын IIHF Кеңешинин мүчөсү Франц Рейндли жана IIHF Финансы комитетинин мүчөсү Клифтон Роттеслини кабыл алды.
Минкаб төрагасы белгилегендей, өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатын Бишкекте өткөрүү өлкө үчүн чоң сыймык жана IIHF тарабынан берилген ишенимдин белгиси, Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөш статусун ырастайт. Ал спорттун бириктирүүчү күчүн белгилеп, жаштар курамасы 2022-жылдан бери олуттуу ийгиликтерди көрсөткөн улуттук кураманын ийгиликтүү жеңишин улантаарына ишенимин билдирди.
Адылбек Касымалиев мамлекет мындан ары кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө, анын ичинде инфраструктураны модернизациялоого жана спортчуларды даярдоого колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда эл аралык хоккейди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Франц Рейндл жана Клифтон Роттесли КР министрлер кабинетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.