Кытай менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү $27,2 млрд түздү

 Кытай менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү $27,2 млрд түздү

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 27,2 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпинь билдирди.

Анын айтымында, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык өзгөчө жогорку динамиканы көрсөтүүдө. Учурда Кыргызстан Кытайдын Борбор Азиядагы экинчи ири соода өнөктөшү болуп саналат, ал эми эки тараптуу сооданын көлөмү Кытайдын аймактагы өлкөлөр менен болгон жалпы товар жүгүртүүсүнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

“2025-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмү 27,2 млрд долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга өскөн жана кезектеги тарыхый рекордду койгон. Ошол эле учурда өсүү темпи боюнча Борбор Азияда эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду. Кыргызстандан импорттоо 86 пайызга өсүп, эки өлкө ортосундагы соода балансы жакшырууну улантууда”, – деди элчи.

Связанный пост