Кепилдик фонду өткөн жылы 3 миңге жакын кепилдик берген

 Кепилдик фонду өткөн жылы 3 миңге жакын кепилдик берген

Өткөн жылы “Кепилдик фонд” АКК жалпысынан 2 миң 914 кепилдик берген. Бул тууралуу маалымат жыйында “Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, кепилдиктердин жалпы суммасы 4,1 млрд сомду, ал эми насыялардын көлөмү 13,7 млрд сомду түзгөн.

“Берилген кепилдиктердин 85 пайызы аймактардагы ишкерлерге туура келет. Кепилдиктердин 66 пайызы экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган. Алар айыл чарба, кайра иштетүү, өнөр жай, туризм жана ипотека тармактары. Фонддун негизги максаты ишкерлерге жана жарандарга жардам берүү”,- деди Абакиров.

Белгилей кетсек, 2025-жылдагы жаңы кепилдик продуктулары болуп баштапкы төлөмсүз ипотека “Келечек”, баштапкы төлөмсүз автонасыя “Унаа” жана “Ылдам” портфелдик кепилдиги эсептелет.

“Өткөн жылы “Келечек” продуктусу боюнча 105 кепилдик 127,6 млн сомго берилип, ипотекалык насыялар 512 млн сомду түзгөн. “Унаа” боюнча 154 кепилдик 57,1 млн сомго берилип, насыялар 261,8 млн сом болгон. Ал эми “Ылдам” портфелдик кепилдиги менен 158 кепилдик 91 млн сомго берилген. Мунун жалпы суммасы 414,4 млн сомду түздү. Маалым болгондой, коммерциялык банктар аркылуу ипотекага батир, үй же насыяга автоунаа алууну каалаган жарандардын баштапкы төлөмдөрү жок болсо, “Кепилдик фонд” төлөп берип кепилдик берет”,- дейт ал.

Ишмердүүлүктүн 10 жылдык бардык мезгилинде жалпы 17,81 млрд сомго 20 миң 920 кепилдик жана 54,109 млрд сом насыя берилгендиги кошумчаланды.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост