Президенттин тапшырмасы менен Спорт сарайы реконструкцияланат

 Президенттин тапшырмасы менен Спорт сарайы реконструкцияланат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы реконструкцияланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев билдирди.

Жыйында депутат Болот Сагынаев белгилегендей, көпчүлүк спорттук мекемелер жаңыланып, жаңысы курулуп, спорт тармагы өнүгүп жатат.

“Бирок, Спорт сарайы борбор калаанын борборунда жайгашканы менен начар абалда. Олимпиадалык стандарттагы жалгыз бассейн ошол жерде жайгашкан. Ошондуктан Спорт сарайы өзүн-өзү каржылай ала тургандай кылып, бассейн жана футбол талаасы, мончосу жаңыланса жакшы болмок”, – деди депутат.

Молдажиев президент Садыр Жапаров “Жаштык Аренасынын” ачылышында Спорт сарайын дагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү тапшырганын белгиледи.

“Президент ачылыш аземинен кийин Спорт сарайын дагы “Жаштык Аренага” окшоштуруп, бир композицияда ондоп-түзөө, реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү тапшырган. Бирок, анын статусу өзгөрбөйт. Өлкө башчысы мэр Айбек Жунушалиевге каржылоо үчүн акча табууну тапшырган, учурда мэрия менен тыгыз иштешип, бул жылдын планына киргизип жатабыз, буйруса оңдоо иштери жакында башталып калат”, – деди ал.

Связанный пост