Кыргыз киносунун бюджети дээрлик үч эсе өстү

 Кыргыз киносунун бюджети дээрлик үч эсе өстү

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңеште суроолорго жооп берип жатып, ата мекендик кинематографияны каржылоо динамикасы жана өндүрүш көлөмү тууралуу маалымат берди.

Ачыкталган сандарга ылайык, акыркы үч жылда тармакты мамлекеттик колдоо олуттуу өсүштү көрсөттү:

  • 2023-жыл — 354 млн сом;
  • 2024-жыл — 377 млн сом;
  • 2025-жыл — 1 млрд 20 млн сом;
  • 2026-жыл — 988 млн сом (бөлүнгөн каражат).

2023-жылы тартылган тасмалар:

  • 3 толук метраждуу көркөм тасма: “Аян”, “Назик”, “Ортомчу”;
  • 3 толук метраждуу даректүү тасма: “Байыркы кыргыз жазуулары”, “Манасчылык — улуттук нарктуулук”, “Байыркы жазуу маданияты”;
  • 2 кыска метраждуу көркөм тасма: “Булак”, “Сокур үмүт”;
  • 17 кыска метраждуу даректүү тасма;
  • 1 анимациялык тасма: “Амантай менен Айтуяк”.
  • Сериалдар (“Кыргызсериал” мекемеси): “Жалбыз”, “Чочун киши”, “Мурас”, “Чыпалак бала”, “Жалбыз-3”. Ошондой эле ар кандай видеороликтердин үстүндө иш жүргөн.

2024-жылдагы өндүрүш:

  • 2 толук метраждуу көркөм тасма: “Кара, кызыл, сары” жана “Ортомчу”;
  • 7 толук метраждуу даректүү тасма;
  • 1 кыска метраждуу көркөм тасма;
  • 24 кыска метраждуу даректүү тасма;
  • 2 анимациялык тасма;
  • 7 сериал (“Кыргызсериал” мекемесинен).

2025-жылы болсо 5 толук метраждуу көркөм тасма, 6 толук метраждуу даректүү тасма, 21 кыска метраждуу фильм, 3 кыска метраждуу көркөм тасма жана 2 анимациялык иш тартылган.

Связанный пост