“Манас” аэропортунда төрт каттам кармалууда
“Манас” эл аралык аэропортунда бир катар авиакаттамдардын учуусу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, конуу-учуу тилкесиндеги көрүнүү деңгээли (тумандан улам) 400дөн 800 метрге чейин төмөндөгөн.
“Turkish Airlines жана Pegasus Airlines авиакомпаниялары өз каттамдарын токтотуп, себептери такталууда. Ошондой эле “Tez Jet” авиакомпаниясынын “Манас” аэропортуна багытталган эки ички каттамы токтотулду”,-деп айтылат маалыматта.