Кыргызстан менен Британия биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат

 Кыргызстан менен Британия биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, экономикалык, соода-инвестициялык, тоо-кен жана транспорт тармагындагы биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде британиялык UKEF экспорттук кредиттик агенттиги аркылуу ишке ашырууга басым жасашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар саясий диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташып, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча биргелешип иштөөнү улантууну макулдашты.

Связанный пост