Кыргызстан ири инвестиция салгандарга 30 жылдык виза берүүнү пландоодо

 Кыргызстан ири инвестиция салгандарга 30 жылдык виза берүүнү пландоодо

Кыргызстанга келген инвесторлор 300-400 миң доллар инвестиция сала турган болсо, биз аларга 20-30 жылдык виза берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда дүйнөдө түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,2 трлн АКШ долларына бааланып, Кыргызстан бул ири рыноктон өз үлүшүн алууну максат кылууда.

“Эгер мурда инвесторлорго негизги сунуш жер тилкелери менен чектелсе, бүгүнкү күндө мамлекет жеңилдиктер топтомун ишке киргизип жатат. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу, бир нече түрдөгү салыктардан узак мөөнөткө жеңилдик берүү ири, улуттук жана стратегиялык долбоорлор үчүн олуттуу дем берет. Айрыкча, жеңилдиктердин мөөнөтүн кошумча беш жылга узартуу мүмкүнчүлүгү инвесторлорго туруктуулук жана ишеним берет”, – деди Жээналиев.

Белгилей кетсек, өзгөчө көңүл бурулуучу дагы бир багыт венчурдук каржылоону жана стартап экосистемасын өнүктүрүү экендигин маалымдалды.

“Бүгүнкү күндө венчурдук каржылоо деген түшүнүк бар. Венчурдук каржылоо – бул стартаптарды каржылоо болуп эсептелет. Тилекке каршы, бизде бүгүн ал база жок болуп турат. Бул базаны биз мыйзам түрүндө Жогорку Кеңешке киргизип, эгер кабыл алынса дүйнөлүк стартап фонддорду өлкөгө тартууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт”, – дейт ал.

Ошондой эле Кыргызстан инвесторлорду тартуу боюнча шарттарды түп-тамырынан жаңылоого артыкчылык берип, алардын укуктарын коргоону колго алып жатканын кошумчалады.

Связанный пост