Той-аш өткөрүүнүн жаңы тартиби сунушталууда

 Той-аш өткөрүүнүн жаңы тартиби сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги министрлер кабинетинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү каада-салттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Белгиленгендей, документтин негизги максаты үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү каадаларын тартипке келтирүү, ошондой эле жарандардын социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен ашыкча чыгымдарды кыскартуу болуп саналат.

Маданият министрлиги үй-бүлөлүк салтанаттар жана эскерүү каадалары кылымдар бою кыргыз коомунун жашоосунда маанилүү роль ойноп, руханий баалуулуктарды, биримдикти жана өз ара колдоону чыңдоого кызмат кылып келгенин белгилейт. Ошону менен бирге, акыркы жылдары үйлөнүү үлпөттөрүн, мааракелерди, жерге берүү жана эскерүү зыйнаттарын өткөрүүдө ашыкча чыгымдарга жол берилген учурлар көбөйүп, бул жарандарды карыз алууга мажбурлап, үй-бүлөлөрдүн материалдык абалынын начарлашына алып келүүдө.

Мекеме бул токтомдун кабыл алынышы социалдык чыңалууну азайтууга, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого, жарандарды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатууга жана заманбап шарттарда улуттук каада-салттарды сактап калууга өбөлгө түзөт деп эсептейт.

Негизги жоболор:

“Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү каада-салттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомдун долбооруна ылайык, документ үйлөнүү үлпөттөрүнө, кыз узатууга, баланын төрөлүшүнө байланыштуу каада-салттарга, диний ырым-жырымдарга (Ажылык, Умра), ошондой эле маркумду жерге берүү жана эскерүү зыйнаттарына (үчүлүгү, жетилиги, кыркы жана жылдыгы) тиешелүү.

Долбоор президенттин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулукка, жасалма шаңга жана коомдук басымга жол бербөөгө багытталган.

Үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө төмөнкүлөр сунушталат:

  • салтанаттарды карызга жана насыя албай, үй-бүлөнүн реалдуу каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өткөрүү;
  • коноктордун санын 200 адамга чейин чектөө;
  • үйлөнүү тоюн бир күндүн ичинде өткөрүү;
  • 350 адамдан ашкан масштабдуу тойлорго жол бербөө;
  • мал союуну бир баш бодо мал же бир жылкы менен чектөө;
  • ашыкча тамак-аш даярдоодон качуу.

Ошондой эле үчтөн ашык унаадан турган кортеждерге, фейерверктерге жана ашыкча шоу-программаларга, кымбат баалуу белектерди берүүгө мажбурлоого, байлыкты жасалма көрсөтүүгө жана атаандаштыкка жол берилбейт.

Документте “кийит кийгизүү”, “себет берүү”, “түштөндүрүү” сыяктуу ысырапкорчулукка алып келген салттардан баш тартуу жана “Ыкчам той — берекелүү той” принцибин жайылтуу сунушталууда. Кыз узатуу тоюн үй-бүлөлүк, тарбиялык жана руханий баалуулуктарга басым жасоо менен токтоо форматта өткөрүү сунушталат.

Жерге берүү жана эскерүү иш-чараларын өткөрүүдө:

  • маркумду жерге берүү күнү мал союуга жол бербөө;
  • ашын (жылын) берүүнү ыктыярдуу иш-чара катары кароо;
  • чакырылгандардын чөйрөсүн жакын туугандар менен чектөө;
  • кийинки эскерүүлөрдө майда мал же бир баш бодо мал же жылкы союуга уруксат берүү;
  • карапайым дасторкон жайып, санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоо;
  • шаңдуу эскерүүлөрдүн ордуна кайрымдуулук кылууну жана коомдук муктаждыктарга каражат жумшоону колдоо сунушталат.

Долбоордо ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары аныкталган. Алар калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук басымды азайтып, ЖМК жана социалдык тармактар аркылуу жөнөкөй жана үнөмдүү салтанаттардын үлгүлөрүн жайылтууга тийиш.

Өзгөчө баса белгиленгендей, тойканалардын ээлери, тамадалар жана башка уюштуруучулар тартиптин талаптарын сактоого жана ашыкча чыгымдарга алып келүүчү кызматтарды таңуулабоого милдеттүү.

Тартиптин аткарылышын көзөмөлдөө үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн үлгүлүү стандарттарын түзүүнү (анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер үчүн) карайт, ал эми талаптарды бузган жактар Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Связанный пост