Транспорттук көзөмөлдөн казынага 1 млрд сомдон ашык каражат түштү
2025-жылдын жыйынтыгы менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө казынасына 1 млрд 167 млн 399 миң 800 сом чегерилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
2024-жылы бул көрсөткүч 398 млн 886 миң сомду, ал эми 2023-жылы 99 млн 200 миң сомду түзгөн.
Президенттин коррупцияга каршы аёсуз күрөш жүргүзүү тапшырмасына ылайык, транспорт министри Абсаттар Сыргабаев тез арада өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарда (ТКП) жана мобилдик топтордо иштеген кызматкерлерди боди-камералар менен камсыз кылууну тапшырды. Натыйжада инспекторлорго бекитилген боди-камералар аркылуу бардык кыймыл аракеттер Департамент тарабынан түз көзөмөлдөнөт.
Кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоого, мыйзамдуулукту бекемдөөгө, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого жана кызматтык иштин сапатын жогорулатууга багытталган система (боди-камералар) буга чейин айрым укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө оң натыйжасын бергени маалым.