“Манас” аэропорту 18 миң чарчы метрге кеңейүүдө
Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери менен таанышты.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, аэропорттун инфратүзүмү болжол менен 39 миң чарчы метр аянтты ээлеп келген болсо, долбоорго ылайык 18 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Мындан сырткары, заманбап skywalk-жабык өтмөгү курулуп жатат.
Ошондой эле аэропорттун дизайны улуттук колориттин негизинде толук өзгөртүлөт. Мындан сырткары, траволатор, эскалаторлор орнотулуп, долбоорго ылайык экинчи кабатта бийиктиги 8,8 метр, туурасы 15,5 метр, узундугу 255,5 метр болгон күтүү залы каралган.
Белгилей кетсек, реконструкциялоо иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, “Авангард” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ал эми аэропорттун эскиздик долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.