Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга 3 млн сом айып салынды
Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Текшерүүдө “Аалам Строй” ЖЧКсынын Анкара көчөсүндөгү объектисинде курулуш мыйзамдары, техникалык коопсуздук эрежелери бузулуп, блоктор үлүшчүлөргө мыйзамсыз берилгени аныкталды. Ошондой эле компания мамлекеттик эмес, жеке лабораторияларды колдонгону белгилүү болду.
Натыйжада курулуш компаниясына комплекстин ондон ашык блогунун ар бири боюнча айып пулдар салынып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 3 млн сомду түздү.
Ошондой эле курулуш иштери токтотулуп, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат. Мындан сырткары, министр объектидеги курулуштун сапатын Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториясынан өткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми лабораториянын жыйынтыгы боюнча өзүнчө чаралар көрүлөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында министр Нурдан Орунтаев министрликке караштуу мекемелердин жооптуу кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөрүн билдирди.