АКШда кыргыз элчиси визалык жаңы чектөөлөр боюнча сүйлөшүү өткөрдү
Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолукту.
ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын учурдагы маселелерин, анын ичинде саясий-экономикалык кызматташтыкты жана февралда Бишкекте өтө турган “B5+1” бизнес-форумун талкуулашты.
Ошондой эле АКШ тарабынан B-1/B-2 категориясындагы визаларды тариздөөдө киргизилген кошумча талаптарга, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн иммиграциялык визаларды берүүнүн убактылуу токтотулушуна байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Элчи визалык чектөөлөр бизнеске жана туризмге терс таасирин тийгизерин белгилеп, эки тарапка тең ыңгайлуу чечим табууну сунуштады.
АКШ өкүлү бул чараларды миграциялык саясат менен түшүндүрүп, ошол эле учурда кыргыз тарабы менен диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.