Кыргызстан Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуунун акыркы этабында

 Кыргызстан Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуунун акыркы этабында

Кыргызстан Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуунун акыркы баскычында турат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын 7-8-октябрында Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселге барып, Европа комиссиясынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

“Анда “кара тизмеден” чыгуу боюнча өлкө тарабынан аткарылган иштер, башкача айтканда, авиация тармагында укуктук-ченемдик актылардын базасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, инспекторлорду окутуу боюнча маалымат бердик. Анын жыйынтыгында Еврокомиссия оң баа берди. Эми кийинки этапта Еврокомиссиянын өкүлдөрү бизге келип, авиакомпанияларга кантип сертификат берип жатканыбызга аудит өткөрүш керек. Биз сертификаттоону баштадык. Учурда 11 компания сертификациядан өттү. Бул иштер февралдын ортолорунда аяктаса, алар март айынын аягында келип, сертификациялоо процессин дагы бир көрүшөт. Андан кийин Еврокомиссиянын транспорттук комитетинде Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгаруу маселеси каралат”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2006-жылдан бери Европа биримдигинин учуулардын коопсуздугу боюнча “кара тизмесинде”. Андан чыгуу иштери 2023-жылы башталган. Андан бери өлкөнүн авиация тармагын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлдү.

Связанный пост