Тумандан улам “Манас” аэропортунда үч учак коно албай турат

 Тумандан улам “Манас” аэропортунда үч учак коно албай турат

Туманга байланыштуу “Манас” аэропортунда үч учак коно албай турат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта аэропортто 175 метр гана аралык көрүнүп, Шарм-эль-Шейх, Стамбул жана Москванын учактары кармалып жаткандыгы белгиленет. Мындан улам Шарм-эль-Шейх учагы учурда Ташкент шаарына жиберилген. Калган эки каттам тууралуу чечим кабыл алына элек.

Белгилей кетсек, учактарды кабыл алуу үчүн кеминде 800 метр аралык көрүнүп турушу керек.

Связанный пост