Былтыр санаторий-курорт тармагынын кирешеси 109,7 пайызга өстү

 Былтыр санаторий-курорт тармагынын кирешеси 109,7 пайызга өстү

2025-жылы президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча” дирекциясынын карамагындагы бардык мекемелер боюнча киреше 109,7 пайызга өстү.

Башкармалыктан билдиришкендей, белгиленген жылдык план – 550 млн сом, анын ичинен 11 айга 525 млн сом пландалган. Ал эми 11 айдын жыйынтыгы менен жылдык план ашыкча аткарылып, 657 млн 592 миң сомго жетти, бул жылдык көрсөткүчтүн 109,7 пайызын түзөт.

“Бул жетишкендиктер дирекциянын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Кардарлардын саны көбөйүп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана инфраструктуралары жакшыртылган. Мындан тышкары, бир катар объекттерде капиталдык оңдоо жана курулуш иштеринен кийин ишке берилүүсү да оң таасирин тийгизди”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост