“Кыргызфильмдин” тасмаларын уруксатсыз пайдаланууга тыюу салынат
Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы өзүнө таандык тасмаларды укук ээси менен тиешелүү келишимсиз пайдаланууга жана таратууга жол берилбестиги эскертилди.
Киностудиянын маалыматына ылайык, мыйзамдарда белгиленгендей, аудиовизуалдык чыгармалардын укук ээси аларды өндүргөн мекеме болуп эсептелет. Ошого байланыштуу фильмдерди кайра иштеп чыгуу, көрсөтүү, эфирге берүү, интернетте, социалдык тармактарда, стриминг жана башка платформаларда жайылтуу укук ээсине гана таандык.
Буга байланыштуу “Кыргызфильм” медиарыноктун бардык катышуучуларын автордук укук талаптарын сактоого чакырып, мыйзам чегинде кызматташууга даяр экенин белгилейт.
“Уруксатсыз пайдалангандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат”,-деп айтылат билдирүүдө.