Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынган.
Алсак, кабыл алынган мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
– КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордун белгилөө;
– КР Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына бир фракциядан, депутаттык топтон 4төн ашпаган мүчө кирет;
– манжалардын издери боюнча жана (же) беттин геометриясы боюнча таануу функциясы бар добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен добуш берүүнүн колдонуу мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып белгилөө сунушталууда.