Былтыр өлкө аймагында 8 471 жаңы жумуш орду түзүлдү

 Былтыр өлкө аймагында 8 471 жаңы жумуш орду түзүлдү

2025-жылы 715,7 млн доллар инвестиция тартылып, аймактарда 8 миң 471 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр мамлекет тарабынан коюлган тапшырмалардын аймактык деңгээлде жакшы аткарылып жатканынан кабар берет.

2025-жылы өлкөнүн ар бир облусунда жаңы ачылган ишканалардын жана жумуш орундарынын саны төмөнкүдөй:

  • Чүй облусу 35 ишкана, 3 миң 731 жумуш орду;
  • Талас облусу 6 ишкана, 110 жумуш орду.
  • Жалал-Абад облусу 16 ишкана, 700 жумуш орду;
  • Баткен облусу 13 ишкана, 1 миң 66 жумуш орду;
  • Ысык-Көл облусу 12 ишкана, 363 жумуш орду;
  • Нарын облусу 13 ишкана, 432 миң жумуш орду;
  • Ош облусу 14 ишкана, 519 жумуш орду;
  • Бишкек шаары 6 ишкана, 1 миң 348 жумуш орду;
  • Ош шаары 4 ишкана, 202 жумуш орду.

Связанный пост