Өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган алдамчылыкка шектүүлөр кармалды
Өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башында Ички иликтөө кызматына К.А.аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Арызында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, алдоо жолу менен 10 миң доллар алып, тергелип жаткан кылмыш ишин “оң жагына чечип беребиз” деп убада кылган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин аткарбай, акча каражатын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.
Аталган факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган С. А. жана 1976-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалган. Ал эми дагы бир шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1982-жылы туулган А.А. мурда соттолгону жана учурда башка алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан камакта экени белгилүү болду.
Иликтөө иштери улантылууда.