Кыргызстан менен Сауд Аравия футбол тармагында кызматташат
Сауд Аравиянын Жидда шаарында Кыргыз футбол биримдиги менен Сауд Арабия футбол федерациясынын ортосунда футбол жаатында кызматташуу боюнча өз ара меморандум түзүлдү. Бул тууралуу биримдиктин билдиришти.
Келишимге Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жана Сауд Аравия футбол федерациясынын президенти Ясер Аль-Мисехал кол коюшту.
Келишимдин негизги максаты – Кыргызстанда футболду комплекстүү өнүктүрүү, эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү жана улуттук курама командалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Аталган документтин алкагында 2026-2027-жылдар аралыгында эки өлкөнүн кыз-келиндер жана өспүрүмдөр курама командалары ортосунда достук беттештерди өткөрүү каралган. Бул беттештер жаш футболчулардын эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоосуна жана оюн чеберчилигин жогорулатууга багытталат.
Мындан тышкары, тараптар спорттук маалымат алмашуу, футболду башкаруу системасын өркүндөтүү, калыстык институтун өнүктүрүү, машыктыруучуларды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу, техникалык өнүгүү, мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешкен иш алып барууга макулдашты.
Аталган меморандум Кыргыз футбол биримдиги үчүн эл аралык байланыштарды кеңейтүүдө, тажрыйба алмашууда жана улуттук футболдун бардык деңгээлдеринде сапаттуу өсүштү камсыздоодо маанилүү кадам болуп эсептелет.
Белгилесек, КФБ президенти Камчыбек Ташиев Сауд Аравиясына жасаган расмий сапарынын алкагында Жидда шаарында өтүп жаткан U-23 Азия кубогунун беттештерине күбө болууда.