Россиядан ташылып келген 44,2 тонна картошка артка кайтарылды
Россиядан ташылып келген 44,2 тонна картошка артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-январда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл пунктунан Россиядан келген 44,2 тонна картошка өлкөгө мыйзамсыз ташылып келе жатканы аныкталган.
Тактап айтканда, Өсүмдүктөрдү карантинге алуу департаменти текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаттын жоктугун аныктаган.
Бул ЕАЭБдин бажы аймагындагы фитосанитардык талаптарга туура келбегендиктен, жүк артка кайтарылган.