Өлкөдө Nestlé балдар тамак-ашынын айрым партияларын соода түйүндөрүнөн кайтарып алууда

 Өлкөдө Nestlé балдар тамак-ашынын айрым партияларын соода түйүндөрүнөн кайтарып алууда

Nestlé компаниясынын айрым балдар тамактары Кыргызстандын соода түйүндөрүнөн кайтарылууда.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, Nestlé группасынын расмий дистрибьютору ОсОО Forester Кыргызстандын соода түйүндөрүнөн айрым балдар тамактарынын партияларын кайтарып алуу иштерин баштады.

Кайтарылып жаткан азыктар NAN 1 OPTIPRO, NAN OPTIPRO 2, NAN EXPERTPRO, NAN 2 OPTIPRO, PRENAN, NAN LACTOSE FREE товардык белгилериндеги кургак, тез эрий турган сүттүү, каймактуу жана лактозасыз азыктарга тиешелүү, белгилүү өндүрүш даталары менен.

Бул чара алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатат. Цереулид деп аталган потенциалдуу токсинди камтышы мүмкүн болгон азыктарды колдонуу кусуу, диарея сыяктуу тамак сиңирүү бузулушуна же аллергияга окшош симптомдорду пайда кылышы мүмкүн.

Ата-энелерге жана керектөөчүлөргө продукциянын аталышын жана өндүрүш датасын текшерип, кайтарылып жаткан партияларга туура келсе колдонбоо жана расмий дистрибьюторго кайтаруу сунушталат. Дүкөндөргө аталган партияларды сатууну токтотуу жана соодадан чыгаруу сунушталат.

Связанный пост