Кыргызстанда өсүмдүк майы боюнча импортко көз карандылык кыскарууда
Кыргызстанда ички өндүрүш өсүп, өсүмдүк майы боюнча импортко көз карандылык кыскарууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө өсүмдүк майын импорттоону алмаштыруу боюнча ырааттуу чаралар ишке ашырылууда. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өз өндүрүшүнүн эсебинен камсыздоо 2022-жылдагы 20,2 пайыздан 50 пайызга чейин көбөйдү, бул ички кайра иштетүүнүн өсүшүн жана рыноктун турукташуусун күбөлөндүрөт.
2026-жылы республика боюнча май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү 5 жаңы ишкана ачылды. Анын ичинен Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында – 1ден, Нарын облусунда – 2 ишкана ачылды.
Мындан тышкары, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган 9 ири жана 136 чакан ишкана катталган.
2025-жылдын 11 айында 18,5 миң тоннага жакын өсүмдүк майы өндүрүлдү, ошол эле учурда өз өндүрүшүнүн эсебинен камсыздоо 56,5 пайызга жетти.