Эл аралык уюмдардын жетекчилери Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

 Эл аралык уюмдардын жетекчилери Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Жаңы жыл менен куттукташты.

“Сизге тынчтыкка, бейпилдикке жана кымбат көз ирмемдерге толгон кубанычтуу майрам күндөрүн каалайм.

Жаңы жыл сизге жаңыланган үмүт, кубаныч жана маанилүү жетишкендиктерди алып келсин”, – деп айтылат Европа кеңешинин президенти Антониу Коштанын куттуктоо телеграммасында.

Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун телеграммасында: “Кыргызстандын жетекчилигинин ЖККУнун ишмердүүлүгүнө болгон туруктуу колдоосу жаңы жылда биздин Уюмдун жоопкерчилик зонасында туруктуулукту чыңдоо боюнча амбициялуу пландарды ишке ашыруунун кепилдиги болот”, – деп айтылат.

“Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында өнүктүрүп келген тилектештик жана кеңешүү маданияты түрк дүйнөсүнүн жалпы келечегине болгон үмүтүбүздү ого бетер бекемдеди. Орток тарыхыбыздан жана терең тамырлаган баалуулуктарыбыздан шыктанып, бардык тармактардагы кызматташуубузду тереңдетүү ниетибиз жаңы жылда да чечкиндүүлүк менен уланат деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, жаңы жылда сизге чың ден соолук жана бакубат жашоо, ошондой эле ардактуу мамлекеттик милдеттериңизди ишке ашырууда ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымдын телеграммасында.

Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы, Элчи Рамиль Гасан президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Сиздин жетекчилигиңиз астында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында боордош Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө бардык багытта динамикалуу өнүгүп жатканына биз абдан кубанычтабыз.

2026-жыл мыкты жетишкендиктердин, жаратман ийгиликтердин, тынчтыктын жана бакубатчылыктын жылы болуп, Кыргыз Республикасы адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун негизинде гүлдөп-өнүгө беришин каалайбыз”, – деп айтылат телеграммада.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине бакыт, ден соолук жана гүлдөгөн жаңы жыл каалады.

Связанный пост