Садыр Жапаров: Ар бир аймак жыйынтык көрсөтүүгө, өз алдынча күчтөнүүгө жана акырындап дотациядан чыгууга тийиш

 Садыр Жапаров: Ар бир аймак жыйынтык көрсөтүүгө, өз алдынча күчтөнүүгө жана акырындап дотациядан чыгууга тийиш

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултайда сүйлөп жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин бөлүнгөн каражаттардын келечеги тууралуу ойлонууга жана өнүгүүгө багытталган ар бир сомдон реалдуу жыйынтык чыгарууга чакырды.

Мамлекет башчысы ар бир аймак жыйынтык көрсөтүүгө, өз алдынча күчтөнүүгө жана акырындап дотациядан чыгууга тийиш экенин баса белгиледи.

“Инфратүзүмгө, экономикага же социалдык долбоорлорго жумшалган ар бир тыйын элге реалдуу пайда алып келиши зарыл”, – деди ал.

Президент коомдо тараган “Бирөөлөргө көп, бирөөлөргө аз берилет” деген сыяктуу маалыматтардын туура эместигин чечкиндүү түрдө четке какты. “Кыргызстан – бирдиктүү, бөлүнгүс өлкө. Бир аймактын ийгилиги – бүтүндөй мамлекеттин ийгилиги”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ар бир аймакка бирдей мамиленин айкын мисалын ырастап, 2026-жылы Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленерин эске салды. Бул – өлкөнүн бардык аймактары бирдей баалуу экендигинин белгиси.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле мамлекет каржылоону улантарын, бирок ошону менен бирге эле натыйжа талап кыларын билдирди. “Биздин максат – акыйкат, биримдиктүү жана күчтүү мамлекетти куруу. Ар бир аймак, ар бир шаар тең укуктуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек”, – деп жыйынтыктады ал.

Связанный пост