Садыр Жапаров: Алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт

 Садыр Жапаров: Алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултайда сүйлөп жатып, аялдарды жана балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жеткенин белгиледи.

“Муну айтуунун өзү да оор, бирок бул – биздин коом үчүн кечирилгис жат көрүнүш. Анткени алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт”, – деп билдирди Президент.

Садыр Жапаров мамлекет бул багытта катаал жана принципиалдуу саясат жүргүзөрүн өзгөчө белгиледи. Аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбайт.

Президент Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилгенин эске салды.

Ошол эле учурда ал бир гана укуктук чаралар жетишсиз экенин, коомдук маданиятты жана баалуулуктар системасын өзгөртүү зарылдыгына токтолду.

“Эч бир салт, турмуш, шылтоо зомбулукту актабайт”, – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент өзгөчө көңүлдү үй-бүлөнүн жана тарбиянын ролуна бурду. Ал ар бир ата
баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө, ал эми ар бир эне кызына ар-намысын коргоону,
кордоолорго каршы күрөшүүнү үйрөтүүгө тийиштигин айтты.

“Ошондо гана ар бир аялзаты урмат-сыйга ээ болгон, ар бир бала коргоого алынган мамлекетти курабыз”, – деди Садыр Жапаров.

Связанный пост