Кыргызстан менен Япония кош салыкты жоюу келишимине кол койду
Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кош салык салууну жоюу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, документ ишкерлер менен жарандарга бир эле кирешеге эки өлкөдө тең салык төлөбөөгө шарт түзөт.
Келишим эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын тереңдетип, инвестиция тартууга жол ачат деп күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбордук Азия + Япония” диалогунун Биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга расмий сапары менен барган.
Бүгүн Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито менен жолугушту.
Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өтөт.