Акыркы жылдары өзгөчө кырдаалдардан келтирилген чыгым 4,4 эсеге азайды
Акыркы беш жылда өзгөчө кырдаалдардан келтирилген чыгым 2020-жылга салыштырмалуу 4,4 эсеге азайды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктардын жана өрттөрдүн көбөйүшүнө карабастан материалдык чыгым жана курман болгондордун саны бир топ кыскарды.
“Бул аралыкта атайын жабдуулар модернизацияланып, мониторинг жана божомолдоо системаларын өнүктүрүү, коргоо объектилерин куруу, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү пайда болду”, – деп айтылат маалыматта.