Коюу тумандан улам 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү

 Коюу тумандан улам 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү

Бүгүн эртең менен коюу тумандан улам “Манас” аэропортуна келе жаткан 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 учак Ысык-Көл эл аралык аэропортуна, 3 учак Ташкентке, бешөө Алматыга жөнөтүлгөн.

“Болжол менен 08:30дарга карата абал турукташып, учурда учуп-конуу үчүн аэропорт толук ачылды. Башка шаарларга жөнөтүлгөн каттамдар Бишкекке кайтууда”, – деп билдиришти аэропорттон.

Связанный пост