Бишкекте өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысынын оту жанды
Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянты жаңы жылдык маанайга оролду. Бул жерде өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысынын оту жанды. Быйыл аянт жаңычыл кооздолуп, толугу менен өзгөрдү. Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аймактар кеңейтилип, эс алууга ылайыктуу жайлар түзүлдү. Салтанаттын ачылышында мэр Айбек Жунушалиев калаа тургундарын куттуктады. Анда ал аянтка чогулгандарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, майрамдык маанайдын маанисин баса белгиледи.
Быйылкы башкы балатынын бийиктиги 32 метр, үстүндөгү жылдызчасы менен 35 метрге чамалайт. Ал эми диаметри 13метрди түзөт. Аянтты жасалгалоого 1,5 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары балаты көк жана күмүш түстөгү 7 миңден ашык чон шарлар менен кооздолгон. Ошондой эле заманбап жарыктандыруу системасы менен да жабдылган.
Ошондой эле балатыны курчап, жаңы жылдык жарманке, балдар үчүн оюн-зоок зонасы, этно-зона, мастер-класстар өтүүчү жайлар, Сантанын үйлөрү жана атайын фотозоналар уюштурулган. Мунун баары шаар тургундарына жана конокторго үй-бүлөсү менен келип, көңүлдүү убакыт өткөрүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, аянтта түрдүү тамак-аш жана суусундуктар сунушталган фуд-зона да иштеп жатат.
Ала-Тоо аянтындагы майрамдык жасалгаларга өзгөчө көрк берип, Кыргызстандагы эң чоң муз аянтча ишке киргизилди. Анын аянты 1,5 миң чарчы метрди түзүп, формасы тоголок болгондуктан айланып тебүүгө ылайыкталган. Муз аянтча бүгүнкү күндөн тартып, күн сайын түнкү саат 12ге чейин иштейт.
Борбордук аянт жаңы жылдык шаңга бөлөнүп, 18 миңден ашуун шаар тургундары жана коноктору чогулду. Алар үчүн эстрада жылдыздары майрамдык маанай тартуулашты.
Майрам учурунда коомдук тартипти камсыздоо үчүн аянтта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте нөөмөт өтөдү.