Эмгек министрлиги: 9 айда майыптыгы бар 221 адам жумушка орноштурулду

 Эмгек министрлиги: 9 айда майыптыгы бар 221 адам жумушка орноштурулду

Бишкекте “Майыптыгы бар адамдардын эмгек укуктарын ишке ашыруу” боюнча тегерек стол өттү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты жумуш менен камсыздоону кеңейтүү жана инклюзивдүү эмгек чөйрөсүн түзүү болуп саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө 2025-жылдын 9 айында 221 майыптыгы бар адам жумушка орноштурулуп, 119 адам кесиптик окутуудан өткөрүлгөнү айтылды.

2022-жылдан бери бул программа аркылуу ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо алган 48 миңден ашык үй-бүлөнүн ичинен 3 146сы майыптыгы бар адамдар болду.

Инклюзивдүү жумуш орундарын түзгөн иш берүүчүлөрдү колдогон “Чексиз” демилгесинин мааниси дагы белгиленди. Бул демилге үчүнчү жыл катары менен өткөрүлүп келет. Бардык убакыт ичинде 300дөн ашык иш берүүчү өз тажрыйбасын сунуштап, 80 уюм “Чексиз” мыкты иш берүүчү наамына ээ болду.

Иш-чаранын алкагында инклюзивдүү эмгек рыногун мындан ары өнүктүрүү, иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана майыптыгы бар адамдарды колдоо чараларын кеңейтүү боюнча сунуштар талкууланды.

Связанный пост